Новости

           2020-жылдын 21-февралында 1-курстун студенттери тарабынан  “23 – февраль – Ата Мекенди коргоочулар күнүнө”  арналган  аскердик – спорттук иш чара өткөрүлдү. Негизги максаты жаштарды Улуттук Куралдуу күчтөргө болгон сыймыктануу жана сыйлоо сезимдерин кучөтүү болуп саналат. Иш чараны колледждин аскердик жетекчиси Салыбаев Замирбек Каратаевич даярдады.   

     

    

     

    

    


        2020-жылдын 19-февралында колледжде  студенттерге ар бир кесиптиктин  учурдагы эмгек рыногунда маанилүүлүгүн жана келечектеги адис болуусундагы инсандык сапаттарынын калыптануусун белгилөө жана баса көрсөтүү максатында  “Кесиптиктерди коргоо” иш чарасы боюнча Жерлерди мелиорациялоо, калыбына келтирүү жана коргоо, Гидротехникалык курулуш, Жерге жайгаштыруу жана Колдонмо геодезия кесиптиктеринин студенттери тарабынан  өткөрүлдү.

     


2020-жылдын 7-февралында Султан Ибраимов атындагы Агротехникалык колледж К.И.Скрябин Кыргыз улуттук агрардык университетинин  бирдикте чакырылган Бишкек шаарынын  Креатив – Таалим билим берүү комплексинин 9-, 11- классынын окуучуларына кесипке багыттоо иштери өткөрүлдү. Окуучуларга колледж жөнүндө кеңири маалыматтар берилди жана ар бир окуу кабинеттери менен тааныщып чыгышты.

    


2019-жылдын 12-декабрда Султан Ибраимов атындагы Агротехникалык колледжинин студенттери Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин ишмердүүлүгү менен таанышып, Министр Э.Чодуев жана министрликтин тиешелүү адистери менен жолугушкан.
Жолугушууда Министр Э. Чодуев Агротехникалык колледждин Ветеринария факультетинин 1-курсунун студенти Азаматова Берметке 5 мүнөткө ордун бошотуп берген. Ал 5 мүнөттүк убактысынан пайдаланып тиешелүү адистерге үрөн, балык чарбачылык, айыл чарба товарларын экспорттоо боюнча тапшырмаларды берген. Адистер иштин аткарылышы боюнча официалдуу түрдө жооп бере тургандыгын айтышкан. Бүгүн, 26-декабрда Азаматова Бермет тарабынан берилген тапшырмалардын аткарылышы боюнча бөлүмдөрдүн жетекчилери маалымат берүүдө.

https://www.facebook.com/minselkhoz.kg/videos/612264332877632/