2023-жылдын октябрь айында колледждин жаш адистери менен студенттери Шихоро орто мектеби менен кызматташуунун алкагында Японияга барып келишти. Сапардын жүрүшүндө биз көптөгөн билим – жөндөмдөр менен алмашуу менен бирге чоң таасирленүү менен кайтып келдик. Бул сапардын жыйынтыгы — биргелешип түзүлгөн продукция болду, ал мындан ары “Бир айыл — бир продукт” улуттук долбоорунун “Бренд комитетине” сунушталмакчы.
Новости
2024-жылдын 31- январында Султан Ибраимов атындагы Агротехникалык колледжинин бардык кызматкерлери жана окутуучулары “Кыргызтест” мекемесинде мамлекеттик тил боюнча билим деңгээлдерин аныктоо үчүн сынак тапшырышты. Билим берүү мекемелери боюнча колледж эң биринчилерден болуп тапшырышты.